Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын, программасын карайт


Улукбек Мариповдун өкмөтү парламенттин тармактык комитетинин жыйынында. Бишкек, Кыргызстан. 2-февраль, 2020-жыл.
Улукбек Мариповдун өкмөтү парламенттин тармактык комитетинин жыйынында. Бишкек, Кыргызстан. 2-февраль, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеш 3-февралдагы жалпы жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карайт.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштады.

2-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети да Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жактырды.

Премьер-министрликке талапкер эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турганын айтты. Бул багыттарда иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Марипов сунуш кылган өкмөттүн курамы 22ден 16га кыскарат. Алардын сегизи жаңы сунушталууда, калганы өкмөттүн курамында мурда иштеп жаткандар.

41 жаштагы Марипов 2016-жылдын мартынан ушул убакка чейин Эсеп палатасын жетектеп келди. (BTo)

XS
SM
MD
LG