Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Ошто Финполицияны ИИМге кошууга каршы болгондор жыйын өткөрүштү


Маалымат жыйын учуру, Ош шаары 3-февраль.
Маалымат жыйын учуру, Ош шаары 3-февраль.

Ош шаарында 3-февраль күнү Финансы полициясын Ички иштер министрлигинин курамына кошууга каршы шаар тургундары маалымат жыйын өткөрүштү.

Жыйынга чогулган мекеменин мурдагы кызматкерлери Финполиция ИИМдин курамына кошулуп калса, өз милдетин так аткара албай калат деген пикирин билдиришти.

«Бул кызматта иштеген тергөөчү болобу, опер кызматкер болобу алардын экономикалык билими бар. Эми бул кызматты милициянын карамагына берип койсо кандай кызмат болорун билбейм. Милицияга кошулгандан кийин кадрларды кайра башынан даярдаш керек болот. Буга канча акча, канча убакыт кетет», — деди Финполициянын мурдагы кызматкери Базарбай Айдаралиев.

2-февралда Финполициянын ардагерлери мекеменин жоюлушуна каршы Бишкекте, Жалал-Абадда жана Нарында басма сөз жыйындарын өткөргөн.

Жогорку Кеңеш 3-февралда премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповду жана ал сунуш кылган өкмөттүн программасы менен курамын жактырды. Марипов өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты. (DU)

XS
SM
MD
LG