Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Темир Сариев: Өкмөт туруктуу болбосо эч ким иштебейт


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» телеберүүсүндө жаңы өкмөттүн курамы жана анын мүчөлөрүнүн санынын азайтылышы тууралуу пикири менен бөлүштү.

Темир Сариев эми өкмөттүн түзүмүн, башкача айтканда ведомстволорду, агенттик, инспекция жана фонддорду ирээтке салыш керек деп эсептейт. Жаңы өкмөт министрликтерди бири-бирине эле кошуп, арифметикалык гана өзгөртүүлөрдү жасабай олуттуу реформаларга барышы керек деген пикирде.

«Өкмөт убактылуу иштейт эртең референдумдан кийин өзгөрөт деген туура эмес. Президенттик же парламенттик бийлик болсо да өкмөт иштейт. Эгерде эртең жаңы Конституция кабыл алынса, бул формалдуу гана өзгөртүү болушу керек. Өкмөт туруктуу болмоюнча эч ким иштебейт».

Кыргызстандын жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берип кызматка киришти. Аны премьер-министр Улукбек Марипов жетектейт.

Өлкөдө 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо менен кошо башкаруунун формасын аныктоо тууралуу референдум да өткөн. Референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну колдогон.

Президенттин укуктарын кеңейткен Конституциянын жаңы долбоору апрель айында референдумга чыгарылары айтылып жатат. Ал кабыл алынса, мыйзам боюнча кайра жаңы өкмөт дайындалышы керек.

Кыргызстандын тарыхында 30дан ашык өкмөт алмашты. 42 жаштагы Улукбек Марипов 24-премьер-министр болуп калды. (BTo)

XS
SM
MD
LG