Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Орусияда «Медиазона» басылмасынын редактору камалды


Москвада «Медиазона» басылмасынын башкы редактору Сергей Смирнов 25 суткага камалды. Ал митинг өткөрүүнүн эрежесин бир нече жолу бузган деп табылды. Буга анын «Твиттердеги» баракчасына тамаша иретиндеги билдирүүсү себеп болду.

Буга чейин журналист «Твиттерге» «Тараканы» тобунун ырчысы Дмитрий Спиринге окшоштугу боюнча билдирүүнү бөлүшкөн. Анда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын колдоо штабы нааразылык акциясына чакырык камтылган. Сот Смирнов уруксатсыз иш-чарага жарандарды чакырган деп тапты.

Сергей Смирновду 30дан ашык басылма колдоп чыкты. Алардын арасында «Синдикат-100» бирикмеси, Журналисттер профсоюзу деген уюмдар бар.

Смирнов 30-январда да үйүнүн жанынан кармалып, кийин бошотулган болчу.

XS
SM
MD
LG