Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

4-февраль – Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, эртеби-кечпи дүйнө жүзүндө ар бир бешинчи адам өсмө (рак) илдетине чалдыгат. Ар бир сегизинчи эркек жана ар бир 11-аял ушул оорудан көз жумат. Өсмө илдетинен каза болгондордун 70 пайызын жакыр өлкөлөрдүн жашоочулары түзөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин айтымында, 2020-жылы 19,3 миллион адам рак илдетине чалдыгып, андан 10 миллион киши каза болгон.

Уюм бул дарт балдар жана өспүрүмдөр арасындагы өлүмдүн негизги себептеринин бири экенин, жыл сайын 400 миң баладан өсмө аныкталарын билдирди.

2020-жылдын соңундагы маалымат боюнча, Кыргызстанда 27 миң адам залалдуу шишик менен каттоодо турат.

Рак адамды өлүмгө жеткирген оорулардын сап башында. Эң көп өпкө, эмчек рагы катталат. Дарттын өрчүшүнүн негизги факторлорунун арасында туура эмес тамактануу, тамеки тартуу, күнгө күйүү аталып келет.

Адистер ар бир кишини догдурга көрүнүп турууга, ооруну көзөмөлгө алууга, эффективдүү дары-дармек чыгаруу үчүн илимий изилдөөлөрдү көбөйтүүгө чакырып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG