Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Депутат Кубанычбек Жумалиев кармалып, бөгөт чарасы каралууда


Кубанычбек Жумалиев
Кубанычбек Жумалиев

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кармалып, бөгөт чарасын кароо үчүн Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

29-январда депутат Жумалиевдин эки жакын тууганына карата сотко чейинки териштирүү башталган.

Аларды кармоого Финансы полициясына германиялык инвестордун ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу арызы келип түшкөнү себеп болгон.

Арызда депутат менен анын туугандары чет элдик инвестордун ишенимине кирип 1 миллион АКШ долларына бааланган жабдууну алып, 200 миң долларын эле төлөп берип, калган 800 миң долларды бербей койгону жазылган.

Бирок кийин депутаттын кармалган туугандары Биринчи Май райондук соту тарабынан бошотулганын Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев "Фейсбуктагы" баракчасына жазган эле.

Депутатка коюлган айыптоолор тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

4-ноябрда Финпол Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү жөнүндө толук маалымат берилген эмес.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG