Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 85 миңден ашты


Кыргызстанда 7-февралга карата дагы 79 адамга коронавирус жугуп, эки бейтап көз жумду.

Илдетке каршы Республикалык штаб кабарлагандай, ооруга чалдыккандардын саны расмий 85 071ге, өлгөндөр 1426га жетти.

Ооругандардын арасынан 81 635и сакайды. Акыркы бир суткада 93 бейтап айыкты.

Коронавирус Чүй облусунда, Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда көп жайылууда. Нарында да көбөйө баштады. Акыркы суткада Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында илдет жуктургандар аныкталган жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 2019-жылдын аягында Кытайда аныкталган коронавирус дүйнөдө 106 миллионго жакын кишиге жугуп, 2 миллион 300 миңден көп адамдын өмүрүн кыйды.

Илдетке каршы бир канча вакцина түрдүү мамлекеттерде колдонула баштады. Эл аралык COVAX ппрограммасынын алкагында Кыргызстанга берилчү вакциналар мартта келери расмий айтылган.

Дүйнөдө корнавирустун жаңы түрлөрү жайылып, COVID-19 пандемиясы уланууда. Европада жана башка бир катар мамлекеттерде карантин чаралары катаал бойдон сакталып келатат.

Кыргызстанда күнүгө ондогон адамдан вирус аныкталып, бейтаптар өлүп жатканына карабай эл көп чогулган иш-чаралар, той-аштар уланууда. Беткап тагынып жүрүү эрежеси да көзөмөлдөнбөй калган. (SE)

XS
SM
MD
LG