Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Алматыда Шинжаңдагы казактарды бошотуу талабы менен пикет өттү


Алматыдагы Кытай консулдугунун алдына чыккан аялдар. 8-февраль, 2021-жыл
Алматыдагы Кытай консулдугунун алдына чыккан аялдар. 8-февраль, 2021-жыл

Алматыдагы Кытай консулдугунун алдына 8-февралда пикетке чыккан үч аял туугандарынын сүрөттөрүн кармап, "Кытайдагы геноцидди токтотууну" айтышып, Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылышты.

"«Лагерлерди» жаап, ал жактагы мусулмандарды бошотушсун. Төрт жыл ичинде эмнени гана көргөн жокпуз. Күйөөмдүн бошотулушун талап кылам,"- деди пикетке чыккандардын бири Гүлнур Косдаулет кызы.

Консулдуктун күзөтчүсү карантинден улам аларга эч ким чыкпастыгын айтты. Ал эми район администрациясынын өкүлү аялдардын пикети мыйзамсыз экенин билдирди. Чогулгандарга бир нече полиция кызматкери көз салып турушту.

Шинжаңда бир жарым миллиондой казактар отурукташкан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенге караганда эки миллиондой мусулмандар (алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар) аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып жатышат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал мекемелерди "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG