Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

ИИМ: Казарманда зомбулук көргөн кыз медициналык кароодон өттү


Жабырлануучунун агасы жазган арыз.
Жабырлануучунун агасы жазган арыз.

Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы майыптыгы бар кыз таене-таятасынын зомбулугуна кабылганы тууралуу видеого байланыштуу 8-февралда маалымат таркатты.

Майып кыздын таяк жеп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга таркары менен Тогуз-Торо райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу жабырлануучунун үйүнө барып, анын таене-таятасын суракка алды.

Аларга түшүнүк кат жаздырып, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү жүрүүдө.

25 жаштагы Алмира Артыкбек кызы апасы 1999-жылы кайтыш болуп калганда үч бир тууганы менен таене-таятасынын кароосуна өткөн. Окуя болгон 5-февраль күнү жабырлануучунун агасы Алтынбек Артыкбек уулу карындашын Бишкекке алып кетүү үчүн барганда таенеси ачууланып, майып кызды бир нече ирет чаап, тээп жиберген.

Кыз медициналык кароодон өткөрүлүп, денесиндеги жаракаттары табылды. Анын агасы өз арызында карындашын таятасы зордуктаганын да жазган эле. Алдын ала текшерүүдө кыз зордукталбаганы аныкталды.

Азырынча кыздын таята-таенеси бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Адвокат Шердор Абдыкапаров Казарман кыштагында кыз таене-таятасынан зомбулук көргөнүн, 9-февралда Алмира Артыкбек кызын Бишкекке алып келүү үчүн Казарман кыштагына барарын "Азаттыкка" билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG