Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

БУУ: Түндүк Корея санкцияларга карабай өзөктүк программасын өнүктүрүүдө


Түндүк Корея.
Түндүк Корея.

Түндүк Корея 2020-жылы эл аралык санкцияларды бузуу менен өзөктүк программасын өнүктүрүп, баллистикалык ракеталарын түзүү үстүндө иштеп, аларды хакердик чабуулдардан түшкөн 300 миллион доллардын эсебинен каржылап турган.

Бул тууралуу БУУнун жашыруун баяндамасында айтылат. Документ менен “Рейтер” агенттиги таанышып чыккан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Ак үй өнөктөштөрү менен бирге Пхеньянга кысым көрсөтүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну пландап жатканын билдирди.

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 2018-2019-жылдары жолугуп, Пхеньянды өзөктүк куралдандыруудан баш тарттыра алган эмес. Былтыр Түндүк Корея жакын жана орто аралыктагы, ошондой эле континент аралык жаңы баллистикалык ракеталарын ачыкка чыгарган.

БУУнун баяндамасында уюмга мүчө аты аталбаган өлкөнүн баасына караганда, Түндүк Кореянын өзөктүк түзүлүштөрү ири, орто жана чакан аралыктагы баллистикалык ракеталарга орнотулушу ыктымал экени жазылган. Ошол эле маалда ал өлкө Түндүк Корея атмосферага чыкканда жылуулукка туруктуу баллистикалык ракеталарды ойлоп тапканынан күмөн санаган.

2020-жылы өзөктүк жана баллистикалык ракеталарды сыноо болбогону менен Пхеньян ракеталардын башына орнотулуучу түзүмдөрдү жана тактикалык өзөктүк куралдарды өндүрө баштай турганын жарыялаган.

БУУдагы Түндүк Кореянын өкүлчүлүгү баяндамага дароо комментарий берген жок.

2018-жылы Түндүк Корея Пунгери өзөктүк сыноо жайындагы “туннелдер менен шахтыларды” бузуп, өзөктүк куралданууну токтотууга дилгир экенин билдирген. Бирок БУУнун аты аталбаган мүчөсү бул объектиде азыр да жумушчулар бар экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG