Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Садыр Жапаров жарлыктардын экинчи партиясына кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо, өлкөнүн финансы рыногун, агро өнөржай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар, мыйзамдарды инвентаризациялоо жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү жөнүндө беш жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Бул мамлекет башчы ишке киришкенден кийинки документтердин экинчи партиясы болуп калды. Ал өзүнүн инаугурациясынын эртеси, 29-январда алгачкы беш жарлыгына кол койгон.

Биринчи топтомдогу жарлыктар элдин руханий өнүгүшүнө жана дене тарбиясына, кадр саясатына, ишкерлердин менчиги менен инвесторлорду коргоого, миграциялык абалды жакшыртууга жана тоо-кен тармагын реформалоого багытталган.

Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% келген. Шайлоону 79,20% добуш менен жеңген Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG