Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

УКМК: Муфтияттын башкы бухгалтери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башкы бухгалтери мыйзамсыз финансылык иштерден улам кармалганын 10-февралда жарыялады.

УКМК каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыя берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталганын билдирди:

"Бул каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин Дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган. 9-февралда бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган".

Азырынча эсепчинин аты-жөнү тууралуу ачык маалымат бериле элек.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Айыпталган тарап азырынча комментарий бере элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG