Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Коронавирус дагы 82 кишиге жугуп, үч адам каза болду


Дезинфекция. Ош шаары.
Дезинфекция. Ош шаары.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 10-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан үч адам каза тапты. 82 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1436 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 253 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны - 81 923.

Стационарда дарыланууда 424 бейтап бар, алардын ичинен 119 бейтаптын абалы оор болууда. Амбулатордук негизде 535 бейтап дарыланып жатат.

10-февралда медицина кызматкерлеринин арасынан беш адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4192 болду, алардын ичинен 4107 айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG