Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Алматыда Кытай консулдугунун алдына чыккан жаран кармалды


Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыккан Байболат Күнболот уулу. 2021-жылдын 9-февралы
Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыккан Байболат Күнболот уулу. 2021-жылдын 9-февралы

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикетке чыккан Байболат Күнболот уулу 10 күнгө камалды. Алматыдагы райондор аралык сот чыгарган чечимде Күнболот уулу 9-февралда консулдуктун алдына «мыйзасыз пикетке чыгып, уруксат берилбеген иш жасаган» деп жазылган. Ошондой эле ал «Тынч жыйын өткөзүү тартибин» бузганы үчүн айыпталганы жана күнөөсүн мойнуна алганы белгиленген.

Ушул апта башынан бери бир нече адам Кытай консулдугунун алдына чыгып, Шинжаңдагы туугандарынын бошотулушун талап кылып келишет. Алардын бири Байболот Күнболот уулу Кытайда камалган инисинин өлүү-тирүүсү белгисиз экенин айтып, ал тууралуу маалымат талап кылган.

Анын энеси Зауатхан Турсун 10-февралда дагы консулдуктун алдына чыкты. Ал «Кытай бир уулумду, Казакстан экинчи уулумду камады. Мен азыр эки өлкөнүн бийлигинен Баймурат менен Байболатымды бошотуусун талап кылам», - деди. Аны менен кошо чыккан аялдар дагы Шинжаңдагы туугандардынын сүрөттөрүн жана «Кытай, геноцидди токтот» деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

Алматы мэриясынын өкүлү жана полиция кызматкерлери акцияга көз салып турушту.

Шинжаңда бир жарым миллиондой казактар отурукташкан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенге караганда, эки миллиондой мусулмандар (алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар) аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып жатышат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал мекемелерди "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG