Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Суваналиев: Матраимовдун соту ачык болгон жок


Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу өкүмү тууралуу пикирин айтты.

Суваналиев Жазык кодексинин "Коррупция" деген 319-беренесинен тышкары Матраимовго дагы башка айыптоолор боюнча соттук иш болушу керек эле деген ойдо:

"Мыйзамсыз баюу деген сыяктуу беренелер менен айыпталышы керек эле. Тергөө өтө тар чөйрөдө болуп калды. Соттук териштирүүлөр тууралуу маалымат деле чыккан жок. Ачык сот болбоду. Сот ачык өтүшү керек эле. Анан ушундай тездикте болуп калганына баарыбыз эле таң калып жатабыз. Негизи Жазык кодекси боюнча кимде ким тергөө менен кызматташтыкка барса ошолорго айып пул салынат. Бул Азис Батукаевдин ишиндей эле, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башкасы тергөө менен кызматташтыкка барып, 260 миң сомдон айып пул төлөп бошонуп кетишпедиби. Мында деле ошол ыкма колдонулду".

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты. Соттун 11-февралдагы отурумунда ал Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айып пул деп чегерилди.

Сотто 2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратуранын прокурорунун, УКМКнын тергөө тобунун башчысынын жана Матраимовдун ортосунда кызматташуу тууралуу келишим кабыл алынганы, анда жаза чарасы айып пул түрүндө болору жазылганы айтылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG