Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:39

Бирмада кутумчуларга каршы нааразылык чаралары улантылууда


Бирмалык демонстранттарга полиция суу атууда. Мандалай шаары 2021-жылдын 9-февралы.
Бирмалык демонстранттарга полиция суу атууда. Мандалай шаары 2021-жылдын 9-февралы.


Бирманын аскердик төңкөрүшүнө каршы болгондор 13-февралда сегизинчи күн катары менен жапырт нааразылык иш-чараларын улантышты. Хунтанын улам жаңы сынчыларын камакка алышы шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин камалышына карата жалпы нааразылыкты ого бетер күчөттү.

БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши болсо Бирманын аскердик жетекчилигинен 12-февралдагы резолюциясы аркылуу өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык башкарууну калыбына келтирүүнү жана Су Чжини бошотууну талап кылды.

Ишембиде миңдеген кишилер өлкөнүн негизги ишкердик чордону Янгон шаарында жөө жүрүш жасашты. Аларга тилектеш демонстранттар борбор шаар Найпидо жана башка шаарларда да көчөлөргө чыгышты.

"Түнкүсүн барымтага алууну токтоткула!" деген талап Янгондогу башка ураандардын арасында көтөрүлүп жатты. Бул ураан түнкү камакка алууларды айыптады.


Журналист Шве Йи Вин Батыштагы Бассейн (бирмача Патейн) порт шаарында болгон төңкөрүшкө каршы чараларды чагылдырган. Винди 11-февралда полиция жана аскерлер кармап кетишкен. «TimeAyeyar» интернет жаңылыктары барагына анын энеси ошол күндөн бери Винден эч кабар ала албай жатканын айткан.

Бирма аскер жетекчилиги бул соңку кармоолор тууралуу пикир билдирүү өтүнүчтөрүнө эч жооп кайтарган жок.

47 өкүлдөн турган БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши 12-февралда кабыл алган резолюцияда Бирманин аскер жетекчилиги "өзүм билемдик менен камакка алган" кишилердин бардыгын дароо бошотууга жана "шайланган өкмөттү калыбына келтирүүгө" чакырган. (TT)

XS
SM
MD
LG