Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча акция жүрүп жатат


Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу өтүп жаткан акция. 2021-жылдын 15-февралы.
Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу өтүп жаткан акция. 2021-жылдын 15-февралы.

Өкмөт үйүнүн алдында бүгүн, 15-февралда Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү көтөрүлгөн нааразылык акциясы өтүп жатат.

Акцияга чогулган отуз чакты адам өздөрүн Баткендин Баткен районунун жана Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун тургундары деп тааныштырып, өкмөттөн чек ара маселелерин чечүүнү, коңшулар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу так маалымат берүүнү талап кылып жатышат.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 12-февралда 50дөй адам чогулуп, Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайыт жерди тажик чек арачылары 8-февралдан баштап кайтарууга алганын, аксайлыктарды киргизбей жатканын айтып чыгышкан.

Өкмөт үйүнүн алды. 2021-жылдын 15-февралы.
Өкмөт үйүнүн алды. 2021-жылдын 15-февралы.

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында 12-февралда жергиликтүү тургундар менен Чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү жолугушуп, Кош-Болот участогунда жаралган маселе талкууланган. Жергиликтүү тургундар кыргыз-өзбек тилкесинде тактала элек жерге өзбек тарап зым тартып койгонуна, мал жая турган жерлери азайып жатканына нааразылыгын айтышкан.

10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген. Мекеме кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал экенин билдирген.(RK)

XS
SM
MD
LG