Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Сегизбаевдин иши боюнча камалган Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылган пикет болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 15-февралда, Өкмөт үйүнүн алдына - эски аянтка Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн ондон ашуун тургуну пикетке чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" акцияны уюштуруучулардын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кылмышка шектүү катары отурган Жылдыз Чодобаеванын атасы Токтогул Чодобаев кабарлады.

Пикетке чыккандар Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылышты.

"Кызымдын төрт баласы бар. Баары тең жаш, эң кичүүсү эмчекте, эки жашта. Биз аны үй камагына чыгарууну суранып чыктык. Бирок бийлик тараптан эч ким бизге чыгып жооп берген жок", - деди Чодобаев.

Чодобаева УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 8-февралда камалган.

Сегизбаев өзү 26-январда “Белизгейт” чыры боюнча кармалып, эки айга камакка алынган. Жалпысынан анын үстүнөн алты иш тергелип жатат. Алардын бири Таш-Мойнок аймагындагы жер тилкелери тууралуу маселеге байланыштуу.

2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон Сегизбаев быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан. Ал жараянга катышкан шайлоочулардын 1,46% добушун алган.

Сегизбаев президенттик шайлоодо талапкер болгондо дебатта азыркы президент Садыр Жапаровго ачык каршы чыкканы үчүн “саясий өч алуу болуп жатат” деп 22-январда айткан.

Буга чейин атайын кызмат Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алган. (BCh)

XS
SM
MD
LG