Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Малды кайрадан чет мамлекетке сатуу суралууда


Мал базарлардын бири
Мал базарлардын бири

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болду.

Депутат Бейшеналы Нурдинов Айыл чарба министрлигинин малды сыртка сатууга тыюу салган токтомун жокко чыгарууну сунуштады.

Ал мындай сунушун "фермерлер малын сата албай жатат" деп негиздеди. Ошондой эле токтомдун мыйзамдуулугу тууралуу да кеп салды.

"Базарда эттин баасы 450 сом. Өткөндө мурдагы министр жармаңке өткөрдү, эттин бир килосу 420 сомдон сатылды. Ошондо айырма деле жок болуп жатат. Дыйкандардын баары ал малды кенедей торпок кезинен чоңойтуп сатканга чейин абдан көп чыгымга учурашат. Депутаттардын баары сыртка сатууну тыюу тууралуу токтомду жокко чыгарууну суранды".

Жыйынга катышкан министр Аскарбек Жаныбеков Бейшеналы Нурдиновдун сунушун карап, маселени иликтегенден кийин биротоло чечим кабыл алууга сөз берди.

Өкмөт 2020-жылдын ноябрь айында азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу айрым айыл чарба товарларын, анын ичинде малды сыртка сатууга убактылуу тыюу салган.

Ага ылайык жылкы, бодо мал, кой-эчки, үй канаттуулары чет мамлекеттерге сатууга 6 айга чейин тыюу салынган болчу. (BCh)

XS
SM
MD
LG