Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:20

ӨКМ: Таласта эне-бала көлмөгө чөгүп каза болушту


Окуя болгон жер.

14-февралда Талас облусунун Арал айылындагы көлмөгө үч жашар бала чөгүп кеткен. Баланын апасы, 25 жаштагы келин уулун куткарам деп артынан сууга түшүп, кошо чөгүп, көз жумду.

Бул тууралуу 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Баланын атасы уулунун сөөгүн көлмөдөн өзү алып чыккан.

Окуя болгон жерге Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу барып, келиндин сөөгүн алып чыгышкан жана ички иштер органдарына өткөрүп беришкен. (BCh)

XS
SM
MD
LG