Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:47

Вирустан бир адам каза болуп, 41 кишиге жукту


Бишкектеги лабораториялардын бири
Бишкектеги лабораториялардын бири

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Чүй облусунда бир адам каза болду​. 41 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1442 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 516 адамга жетти. Оорудан 82 306 адам айыкты.

Азыр ооруканада 444 адам жатат, алардын 123үнүн абалы оору, 26сы өтө оор абалда. 387 бейтап үйдөн дарыланууда.

15-февралда медицина кызматкерлери арасында вирус жуктуруп алгандар катталган жок. (BCh)

XS
SM
MD
LG