Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Ошурахунова: Конституция элдин, атургай Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын коргобой жазылган


Динара Ошурахунова (фото архивден)
Динара Ошурахунова (фото архивден)

Бишкекте бүгүн, 15-февралда юристтердин “Конституциядагы кемчиликтер жана тобокелдиктер” аттуу брифинги өттү. Анда сөз сүйлөгөн укук коргоочу, активист Динара Ошурахунова сунушталып жаткан жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы бир катар кемчиликтерди санады.

Биринчиден, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына эч кандай бийлик ыйгарылбай, муну менен элге бийлик берилбей калганын, коррупциялашкан жана реформаланбаган бийлик бутактары жаңы Баш мыйзамга ылайык элдин кызыкчылыгын коргобой турганын белгилеп, Курултайга шайлана турган миңдеген мүчөлөр кайсы принципте, кантип тандалары белгисиз экенин айтты.

"Биз бул Баш мыйзам элдин, жарандардын, парламенттин, саясатчылардын, дегеле баарынын кызыкчылыгын көздөп жазылбаганын көрдүк. Конституциялык кеңешмеде олтуруп алып өз дымагын гана көздөгөн бир топтун кызыкчылыгы үчүн жазылыптыр. Ал тургай бул Конституция Садыр Жапаровдун деле кызыкчылыгын көздөбөйт".

“Кыргызстандын юристтер бирлиги” аттуу уюм уюштурган иш-чарага юристтер тобу катышып, өлкөдө жүрүп жаткан конституциялык реформага карата көз карашын билдиришти.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган.

Буга чейин - 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору жарыяланган.

Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин ал долбоорду иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн, кенешме өз ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген. (BCh)

XS
SM
MD
LG