Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 422 млн. сом сарпталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн казынадан 422 млн. сом керектелет. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 15-февралдагы отурумунда жергиликтүү шайлоонун чыгымынын эсеп-кысабы бекитилди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, чыгымдын эң көп бөлүгү - 212 млн. сом шайлоо тилкелериндеги кызматкерлердин маянасына жумшалат.

Бишкек, Ош шаарларында шайлоого катышуу үчүн партиялар 50 миң сом күрөө акча коюшу керек. Калган шаарларда күрөө 20 миң сом деп белгиленген. Ал эми өзүн өзү көрсөткөн талапкер миң сом төгөт.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалган. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу дагы бир референдум өткөрүү керектигин белгилеп, аны жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өткөрүүнү парламентке сунуштап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG