Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

ИИМде ротация: экс-төраганын иниси Нарынга, Бурканов Баткенге


Милиция кызматкерлери иш учурунда
Милиция кызматкерлери иш учурунда

Ички иштер министрлиги айрым район, шаарлардагы жергиликтүү жетекчилерин алмаштырды. Айрымдары кызматтан алынды, көбү башка аймактарга ротацияланды.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Канат Жумагазиев Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнө (ОИИБ) башчы болуп дайындалды.

Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүн жетектеген милициянын полковниги Улан Асанбеков ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулду. Ал эми Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Аалиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө башчы болду. Анын ордуна - Нарынга Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Жумабеков (экс төрага Дастан Жумабековдун бир тууганы) дайындалды.

Баткен ОИИБнын жетекчиси, милициянын полковниги Акылбек Мамасеитов Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. Бул кызматта иштеп жаткан Мурат Боронов Баткен ОИИБнын башчысы кызматына дайындалды.

Талас ОИИБнын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Марлис Асанов дайындалды.

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Уланбек Султанов ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы кызматына дайындалды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБүнүн начальниги, милициянын полковниги Замирбек Ормонов ээлеген кызматынан бошотулуп Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. Бул кызматта иштеп жаткан милициянын полковниги Райымбек Сулайманов Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.

Андан сырткары ИИМдин жетекчилик курамына дайындоолор боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Ош облустук ИИБнын начальниги кызматына, милициянын полковниги Конокбай Өскөнбаев ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын начальниги кызматына, милициянын подполковниги Нурланбек Бурканов (Арзыбек Буркановдун бир тууганы) Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды.

Милициянын подполковниги Айылчы Мырзамамытов Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына барды. (BCh)

XS
SM
MD
LG