Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында чарбалык иштер токтотулду  


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги Паскы-Арык айылындагы Уч деп аталган жериндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандарынын көчөт отургузуу аракети 14-февралда токтотулганын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Басма сөз кызматы тараткан маалыматкан ылайык, бүгүн 2021-жылдын 15-февралында кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерден курулуш иштерин жүргүзүү аракетине бөгөт коюшту.

Маалыматта “Тажикстандын жараны, Сурх айылынын тургуну Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районунун Миң-Өрүк жеринин тушунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы шарттуу чек ара сызыгынан 10 метр аралыкта тосмо пайдубалынын тургузууга аракет кылган”, - деп айтылат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, Кыргызстандын Миң-Өрүк жеринде жана Тажикстандын Сурхта отуз чактыдай эки өлкөнүн тең жарандары топтолушкан. Кыргыз жарандары дагы шарттуу чек ара сызыгына жакын жерге көчөт отургузууга аракет кылышкан. Эки тараптын чек ара бекетинин, айыл аймактарынын башчылары жолугуп, кыргыз тарап такталбаган аймактарда ар кандай чарбалык иштерди токтотуу талабын коюшкан. Чыр-чатактын алдын алуу үчүн эки тарап тең курулуш иштерин токтотуп, Тажикстардын жарандары пайдубал курулуштарын алып салуу чечими кабыл алынган. Учурда эки мамлекет чек арасында абал туруктуу.

Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек чек ара сызыгына 500 метр жакын жерде курулуш жүргүзбөө тууралуу макулдашуу бар.

Тажикстандын чек ара мекемеси бул боюнча ырасмий комментарий бере элек. 10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген. Мекеме кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал экенин билдирген.

Өкмөт үйүнүн алдында бүгүн, 15-февралда Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү көтөрүлгөн нааразылык акциясы өттү. Акцияга чогулган отуз чакты адам өздөрүн Баткендин Баткен районунун жана Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун тургундары деп тааныштырып, өкмөттөн чек ара маселелерин чечүүнү, коңшулар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу так маалымат берүүнү талап кылышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG