Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

УКМК: Нарында Эсеп палатасынын инспектору кармалды


Шектүүнү кармоо учуру. УКМКнын сүрөтү.
Шектүүнү кармоо учуру. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн «М.А.С.» аттуу улук инспекторун кармады.

Атайын кызмат 16-февралда кабарлагандай, шектүү Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөн. Ал үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айылдардын биринин башчысынан 60 миң сом алган.

Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Анын жактоочулары же тарапташтары бул боюнча азырынча комментарий берише элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG