Премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандагы азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу суроолорго жооп берди.
Өкмөт башчынын сөзү боюнча, күн карама майынын литри акыркы алты айда эле 163% кымбаттаган.
Ушул тапта базарларда мурда 90 сомдон сатылган күн карама майынын литри 150 сомго чыкты. 5 литрлик май буга чейин 450 сом турса, азыр ал 650-700 сомдон сатылып жатат.
«Күн карама майы эттин, күрүчтүн баасы жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктүн баасы былтыр пандемия башталгандан бери кымбаттады», - деди премьер-министр.
Марипов өкмөттө буга байланыштуу жыйын болуп, бааларды түшүрүү боюнча маселе талкууланганын айтты.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык быйыл январь айында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөөчү баалар жалпысынан өлкө боюнча 1% көтөрүлдү. Азык-түлүк, алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,7% кымбаттады. (BTo)