Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Марипов: Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси каралууда


Улукбек Марипов.

Кыргыз өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, жарандардын суроолоруна жооп берип жатканда айтты.

«Баткен облусунда абал чындыгында эле оор. Ошол жерде жашап жаткан жарандардын жашоо-турмушуна жардам бергенге өкмөт болгон күч-аракетин жумшайт. Себеби, чек арада жашагандардын ар бирин баатыр деп эсептейм. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү да каралып жатат. Анткени маселе абдан көп».

Ал Баткендеги маселелерди чечүү үчүн Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын кошумчалады.

Баткен облусу коңшу республикалар менен чек аралаш тилкеде, борбор шаар Бишкектен эң алыс жайгашкан аймак. Соңку күндөрү облустун айрым айылдарында чек арадагы жер талаш окуялары катталууда.

Өкмөт үйүнүн алдында 15-16-февралда чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылган нааразылык акциялары өттү. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG