Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Германия тажик жарандарын террорчулукка айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда беш тажик жаранына “Ислам мамлекети” террорчул уюмуна байланыштуу айып коюлду.

Бул тууралуу “Ассошэйтед Пресс” агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме кылып жазды.

Өткөн айдын аягында дагы бир тажик жараны аталган уюмдун жигердүү мүчөсү деген айып менен жети жылга соттолгон.

Немис прокурорлору дүйшөмбүдө “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун мүчөсү деп шек саналган тажик жарандары тууралуу тергөө материалдарын сотко жөнөттү.

Германияда полиция Фарходшох К., Мухаммадали Г., Азизжон Б., Сунатуллох К. жана Комрон Б. аттуу тажик жарандарын былтыр апрель айында камакка алган. Расмий маалыматта алар 15-апрелде таң эрте Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ар кайсы жерлеринен колго түшкөнү, алар Германиядагы АКШнын аскердик жайларына кол салууну көздөп жүргөнү айтылган.

Прокурорлордун айтымында, алар алгач өз мекенинде кол салуу уюштурууну көздөшкөн, кийинчерээк ойлорун өзгөртүп, Германиядагы АКШнын аскердик жайларын жана ислам динин сындаган деген бир адамды бутага ала башташкан. Алар Сириядагы жана Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун жогорку даражалуу эки өкүлү менен такай байланышып жүрүшкөн.

Ошол эле учурда Германиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Бьорн Грюневельдер (Björn Grünewälder) өлкөдө теракт коркунучу дагы деле кооптуу экенин билдирген:

“ИИМдин атынан террорчулукка байланыштуу коркунуч азайбаганын, дагы деле жогору бойдон турганын айта алам. Ошондуктан коопсуздук органдары ашынган исламчыл жана экстремисттик топторго катуу байкоо салууну улантып жатат”.

Тергөө материалдарына ылайык, алардын бири, Азизжон аттуу жаран аталган уюмдун идеяларын жайылтуу, орус, тажик тилдүү социалдык тармактарда каражат чогултуу менен шугулданган. Ал ошондой эле жаштарды “Ислам мамлекети” уюмуна мүчө болууга шыкактаган жана 2019-жылы Германиянын батышында бул уюмдун бөлүгүн негиздеген.

Ушул жылдын 26-январында Германияда сот баш калка сурап жүргөн Равшан Б. аттуу тажик жаранын «Ислам мамлекети» террордук уюмуна мүчө болгону үчүн жети жылга кескен.

Прокуратура соттолгон адам тажикстандыктардын тобун жетектегенин билдирген. 31 жаштагы Равшан Б. коюлган айыптарды жарым-жартылай моюнга алып, өкүм чыгарылардын алдында кечирим сурап, «өкүнөрүн» айткан.

Тергөө материалдарына ылайык, ал «Ислам мамлекети» террордук уюмунун бөлүмүнө акча табыш үчүн башка тажик жарандары менен кошо бир орусиялыктан буюртма алып, Албанияга 40 миң долларга киши өлтүрүү үчүн барган.

Ал жактагы пландары ишке ашпай калып, Германияга кайтып келишкен. Кийинчерээк Дюсселдорф шаарына жакын жерде исламды сындаган бир кишини өлтүрүү ниетинде болушкан деп шек саналууда.

Прокуратура билдиргендей, алар парапландарды жана батперектерди колдонуу менен Германияда террордук чабуулдарды уюштурууну көздөшкөн.

Террорчулукка шектелген тажик жарандары Европанын дагы башка өлкөлөрүндө да колго түшкөн.

Былтыр сентябрь айында Польша «Ислам мамлекети» террорчул тобу менен байланышы бар деп шек саналган беш тажик жаранын өлкөдөн чыгарган жана аларга Шенген аймагына кирүүгө тыюу салган. Анын алдында Албанияда Германия террорчулукка айыптаган тажик жараны Интерполдун жардамы менен колго түшкөн.

Тажикстан Европада террорчулукка шектелип камалган жана соттолгон жарандарына байланыштуу үн каткан эмес.

XS
SM
MD
LG