Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

УКМК: ИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин (А.А.) жана анын шеригинин үйүн, иштеген жерин тинтүүгө алды.

Атайын кызмат иш Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен иликтенип жатканын кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, былтыр ноябрдын аягында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери (А.А.) Чүйдүн Аламүдүн районунун тургунун (П.А.) 19 кутуча «гашиш» баңгизаты менен кармаган.

Милиция кызматкери (А.А.) шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн ири суммадагы акча талап кылган жана бир бөлүгүн буга чейин алган. Ал эми баңгизатты өзү алып калган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин (А.А.) иш бөлмөсүнөн жапайы кара куурайдын жыты бар эки баштык жана 14 даана белгисиз калибрдеги ок-дарылар табылды. Жашаган жеринен «Стечкин» автоматтык тапанчасы, 9 мм калибрдеги 29 даана ок-дары, белгисиз куралдын магазини, флэш-карталар, «жашыруун» жана «өтө жашыруун» деп белгиленген расмий документтер алынды.

Атайын кызмат анын шеригинин жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, «Наган» револьверинин 7,62 калибриндеги 29 ок табылганын кабарлады. Алынган далил заттар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Сөз болуп жаткан адамдар кармалган, бирок Чүй облусунун прокуратурасы аларды камакка алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарды. (BTo)

XS
SM
MD
LG