Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Марий Эл жумуриятынын мурдагы башчысы 13 жылга эркинен ажыратылды


Орусиянын Марий Эл жумуриятынын мурдагы лидери Леонид Маркелов. 2021-жылдын 24-февралы.
Орусиянын Марий Эл жумуриятынын мурдагы лидери Леонид Маркелов. 2021-жылдын 24-февралы.

Орусиянын Марий Эл жумуриятынын мурдагы лидери Леонид Маркелов коррупцияга айыпталып, 13 жылга кесилди.

Нижний Новгород шаарынын соту 24-февралда 57 жаштагы Маркеловду пара алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мыйзамсыз курал-жабдыкты сактаган деген айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, ошол эле күнү өкүмүн чыгарды.

Маркелов ошондой эле 235,3 миллиона рубль (3,2 миллион доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирди. Прокуратура Марий Эл жумуриятынын мурдагы башчысын 17 жылга абакка кесүүнү суранган.

Маркелов бардык айыптоолорду четке кагып, күнөөлөрдү мойнуна алган жок. Анын адвокаты соттун чечими боюнча жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышарын билдирди.

Леонид Маркелов Марий Эл республикасын 2011-2017-жылдары жетектеген. Ал 2017-жылы камалган. Москвадагы тергөө абагында отурганда ал «кыйноого» кабылганын айткан. Адвокаттары дагы Маркеловду өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын билдирген.

XS
SM
MD
LG