Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Окуучулар арасында зомбулукка каршы сынак жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучулары арасында "Зомбулукту актаба" аттуу республикалык сынак жарыяланды.

USAID-IDLO "Ишенимдүү сот" программасы Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан сынакка 9-11-класстын окуучулары катыша алышат.

4-марттан 30-апрелге чейин өткөрүлө турган сынактын максаты – эл арасында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматты кеңири таратуу жана жаштардын зомбулукту алдын алууга кызыгуусун жогорулатуу экени айтылды.

Катышуучулар команда топтоп, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук темасында сурамжылоо жүргүзүп, чыныгы окуялардын негизинде видео тартып жөнөтүшү керек.

Алдыңкы үч команда байгелүү орундарга ээ болот, ал эми калган катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Кыргызстанда жыныстык зомбулукка кабылган балдардын 80% мындай кордукту адатта өз жакындарынан жана тааныштарынан көрөрүн Ички иштер министрлиги билдирген.

Укук коргоочулардын айтымында, пандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйдү. (RK)

XS
SM
MD
LG