Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Депутат Абжалиевдин мүлкү делген имараттар

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 1-мартта билдирди. Абжалиев "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек саналууда.

"Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда расмий кирешелеринде көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган", - деп айтылат билдирүүдө.


XS
SM
MD
LG