Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:17

Чүйдөгү жер басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду


Аламүдүн району.

Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүндөгү айдоо аянттарын басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду.

Чүй облустук милициясы жарандарды жер ээлеп алууга чакырган адам кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну азыр милициянын убактылуу кармоочу жайында. Бул ишке катышы бар башка адамдар аныкталууда.

1-2-мартта Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мыкан кыштагына чогулган топ турак жайга жер берүүнү талап кылган, анда айдоо жерлерин басып алуу аракети болгону да айтылган.

4-мартта жергиликтүү бир нече жашоочу жер басып алуу аракетин токтотууну талап кылып өкмөт үйүнүн алдында акцияга чыгышкан. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG