Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Түркияда 4 жашар кызга ыдык көрсөттү делген адамдын жарандыгы такталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын Айдын аймагына караштуу Кушадасы шаарында "төрт жашар кызга ыдык көрсөттү" деп шек саналган Х.А.А. аттуу адамдын жарандыгы тууралуу маалыматты тактап жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Элчилик "Тийиштүү мекемелерге суроолорубузду жөнөттүк. Маалымат күтүп жатабыз", - деп билдирди.

1-мартта Түркиянын айрым басылмалары Кушадасы шаарына 43 жаштагы Х.А.А. аттуу жаран Орусиядан келип, тууганынын төрт жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу маалымат такталып жатканын билдирген. Кызынын айткандарына таянып наристенин энеси полиция чакырган.

Полиция бөлүмүндө суракка алынган Х.А.А. аттуу адам буга чейин төрт кылмыш иши боюнча соттолгону белгилүү болду. Шектүү сурактан кийин дароо камакка алынды.

Расмий маалыматтар боюнча Түркиянын абактарында ушул тапта 12 кыргызстандык жаран отурат.

Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң-чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.(ElB)

XS
SM
MD
LG