Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:50

Жерүй кенинде мушташтан жабыркагандар милицияга кайрылган эмес


Жерүй алтын кени.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы 4-мартта маалымат таратып, социалдык тармактарда тараган “Жерүй алтын кенинде массалык мушташ болду” деген маалымат иликтенип жатканын кабарлады.

Милиция кабар Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы, мыйзамга ылайык текшериле турганын кабарлаган.

4-март күнү “Фейсбуктагы” «Эл Байлыгы-бийлиги Коомдук Уюму» тайпасында Жерүйдө массалык мушташ болгону тууралуу маалымат жарыяланган. Анда алтын кенинде жергиликтүү эл менен «Алтын Альянс» компаниясынын өкүлдөрү Самат Толубаев, Насирдин Алымсейитов мушташып, жергиликтүү тургун сабалганы, анын мээси чайкалып, түрдүү жараат алганы тууралуу жазылган.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков январь айынын башында Жерүй алтын кенине барган. Ал иш сапары учурунда кыштын аягына чейин ишканадан алтындын биринчи куймасы алынат деп айткан.

2020-жылдын октябрь айындагы тополоңдо аталган кенге белгисиз адамдар бастырып кирип, имаратын өрттөп кеткени маалымдалган. Ишкананын жетекчилиги кеминде 10-15 млн. доллар зыян тартканын билдирген.

Жерүй алтын кенин «Альянс-Алтын» ишканасы 2015-жылдан бери иштетет. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Жерүй алтын кенинде 80 тоннадан ашуун алтын бар экени маалымдалган.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG