Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

УКМК президент Жапаровдун аккаунтун талкалаган хакерди издеп жатат


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) президент Садыр Жапаровдун “Фейсбуктагы” баракчасын башка адамдар тарабынан бузуп кирүү фактысын текшере баштады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-мартта маалымдады. Ага ылайык текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгында "аккаунт чет мамлекеттен бузулганы" аныкталды. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

3-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин Конституциянын жаңы долбооруна карата айткан сынына Садыр Жапаровдун "Фейсбук" баракчасынан анын майыптык абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылган. Бул өз кезегинде “Фейсбукта” жана башка социалдык тармактарда элдин нааразычылыгын жараткан.

Көпчүлүк колдонуучулар аккаунт президент Садыр Жапаров өзү көп жылдардан бери колдонуп келаткан аккаунт экенин, маалымат фейктердин колунан жаралбаганын маалымдашкан.


Президент андан кийин аккаунт өзүнө таандык экенин билдирип, 4-мартта "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү "Садыр Жапаров" аттуу тайпага түшүндүрмө жазды. Ал өзүнүн аккаунтуна "башка бирөө кирип комментарий жазганын, ага жардамчыларынын да тиешеси жоктугун" билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG