Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Түрк тарых коому Кыргызстанда тарыхый китепкана ачууга колдоо көрсөтөт


Кыргызстандагы ачык асман алдындагы петроглифтердин бири. (Архивдеги сүрөт)
Кыргызстандагы ачык асман алдындагы петроглифтердин бири. (Архивдеги сүрөт)

Түрк тарых коому (Türk Tarih Kurumu) уюму Кыргызстанда бардык тилдердеги тарыхый материалдар сакталган китепкана ачууга кызыкдар.

Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Биринчиден, Түрк тарых коому Кыргызстандагы археологиялык казууларды жүргүзүүгө жардам берүүнү каалайт. Эки өлкөнүн археолог изилдөөчүлөрүнүн тажрыйба алмашуу жана кызматташуу маселеси каралды. Андан тышкары, Кыргызстанда тарых китепканасынын курулушу жана түзүлүшү тууралуу да сөз болду", - деди элчи Өмүралиев.

2-мартта элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк тарых коомунун башчысы профессор Бирол Четинге жолуккан. Анда тарых жана археология жаатында биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө сөз болгон.

Коом менен Кыргызстандын тийиштүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү талкууланган.

Түрк тарых коому 1930-жылы түптөлгөн. Коомдун максаты - түрк тилдүү элдердин жана Түркиянын тарыхын изилдөө. Китепканасында 250 миңдей китеп катталган коом эл аралык 220, жергиликтүү 60 мекеме жана уюмдар менен кызматташат.

Мекеменин мүчөлөрү эл аралык конгресстерге жана семинарларга катышып, баяндамаларды окуп турушат.

1995-жылы Түрк тарых коомунда орток түрк тарыхын жазуу долбоору даярдалган.

Түрк тарых коому Кубат Табалдыев сыяктуу кыргыз археологдорунун Соң-Көл жана башка аймактардагы илимий экспедицияларын каржылаган. (ElB)

XS
SM
MD
LG