Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:11

1-апрелден баштап өлкө боюнча бардык мектептерде окуу башталат


Чаек айылындагы Т. Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиянын мугалими Айгүл Мамбеталиева бош класста WhatsApp аркылуу сабак өтүп жатат.

Кыргызстанда 1-апрелден баштап бардык окуучулар мектептен окуй баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 5-мартта билим берүү маселелерин талкуулаган кеңешмеде айтты.

Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги окуу жараянын толук жандандырууга даярдыкты камсыздашы зарыл.

"Мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин атайын мектеп формасын кийүүнү талап кылышпайт",- деди Новиков.

Бала бакчадагы, окуу жайлардагы билим берүү жараяны да калыбына келтирилет.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында Кыргызстандагы мектептер онлайн окутууга өткөн. 1-сентябрда 1-класстар гана мектепке барган.

Кийинчерээк аймактарда этап-этабы менен класстар мектепке каттап окуй баштаган. Бирок эпидемиологиялык абалдан улам Бишкек шаарындагы мектептер, бала бакчалар дагы эле толук ачылбай турат.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери коронавирус жуктургандардын саны 86 миңден ашып, бир жарым миңдей бейтап каза болду. (SE)

XS
SM
MD
LG