Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Садыр Жапаров Ташкенттен кийин Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Кытайга барат


Cадыр Жапаров.
Cадыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга пландалган сапарынан кийин Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Кытайга барат.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жапаровду бир топ өлкөлөрдүн лидерлери чакырганын 4-марттагы басма сөз жыйынында айткан.

Жапаровдун Ташкентке сапары 11-12-мартка пландалган.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 27-февралда Бишкекке келгенде Жапаров менен жолуккан. Ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга жиберген чакыруусун берген.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров февралда чет өлкөдөгү алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштаган. 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келди. (SE)

XS
SM
MD
LG