Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

«Кумтөрдүн» жамааты бийликке ачык кайрылуу жолдоду


"Кумтөрдө" тартылган сүрөт. 2017-жыл
"Кумтөрдө" тартылган сүрөт. 2017-жыл

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты кендин ишмердигин иликтөө боюнча мамлекеттик жаңы комиссия түзүлүп жатканына тынчсызданышууда.

Алар ушул мазмунда президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана премьер-министр Улукбек Мариповго ачык кат жолдошту.

Компаниянын басма сөз катчысы Марина Гаврилова кайрылуу маалымат каражаттары аркылуу жолдонгонун "Азаттыкка" билдирди. Төрт барактан турган кайрылууга "Кумтөрдүн" Кесиптик кошуундар уюмунун мөөрү басылган.

Алар мындай комиссия 2013-жылы да түзүлгөнүн, андагы бардык отчеттер компанияда да, тиешелүү органдарда да бар экенин белгилеп, бийлик органдарынын компаниянын жумушуна кийлигишүүсү мамлекеттин инвестицияны коргоо боюнча мыйзамына каршы келерин билдиришкен.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын макамын өзгөртүү жөнүндөгү сунуш парламенттин талкуусуна коюлганын 24-февралда парламентте комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров айткан. Ал комиссияны депутаттык эмес, "мамлекеттик комиссия" деп атоо тууралуу сунуштар келип жатканын билдирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG