Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Кыргызстанда аялдар жалпы калктын тең жарымын түзөт


Кол өнөрчүлүк. (Фото архивден)
Кол өнөрчүлүк. (Фото архивден)

Улуттук статистика комитетинин 8-мартка карата берген маалыматына караганда 2021-жылдын башында Кыргызстанда аялдардын саны 3,3 млн болуп, жалпы жарандардын 50,4 пайызын түздү. Бул эркектердин санына салыштырмалуу бир аз көбүрөөк. Ош жана Жалал-Абад облустарында тескерисинче эркектердин саны аялдардан ашык.

Аялдардын үчтөн экиси (64%) айылда жашайт. Ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял Бишкекте жашайт.

2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 48% иш менен камсыздалган. Экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жаш.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү, соода сыяктуу иш-чаралар негизинен аялдардын чөйрөсү.

2020-жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык аялдардын эмгек акысы эркектердин маянасына караганда азыраак. Эмгек акысы аз болгон билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде аялдар басымдуулук кылат.

Аялдардын болжолдуу жашоо узактыгы 76 жаш, эркектер орточо – 68ге чыгышат.

2020-жылдын аягына карата Кыргызстанда калктын саны 6,6 млн. адамга жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG