Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Коронавирус дагы 33 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумду


Кыргызстандык дарыгерлер. (Фото архивден)
Кыргызстандык дарыгерлер. (Фото архивден)

Кыргызстанда 8-мартка карата дагы 33 адамга коронавирус жугуп, эки бейтап көз жумду. Мурда ооругандардан 45 киши сакайды.

Илдетке каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык өлкөдө COVID-19 вирусун жугузгандардын саны жалпысынан 86 583 адамга жетти. Алардын 1473и кайтыш болуп, 83 575и айыкты. Учурда ооруканада жаткандардын ичинен 12 бейтаптын абалы өтө оор, 85 киши оор, 236 адам орточо оор абалда экени айтылууда.

Өлкөдө коронавирус алгач 2020-жылдын 18-мартында расмий катталган.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин саны 4206га жетти. Анын 4195и айыгып, 90дон ашууну каза болду. Бир катар мамлекеттерде илдетке каршы эмдөө башталды.

Кыргызстанда быйыл марттан тартып вакцина камдалып, жайында эмдөө башталары расмий кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG