Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Жапаров: аялдардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттырууга аракет кылып жатабыз


Президент Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова. Президент ар тармакта эмгектенген аялдар менен жолугушуусундагы сүрөт. 2021-жылдын 5-марты.
Президент Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова. Президент ар тармакта эмгектенген аялдар менен жолугушуусундагы сүрөт. 2021-жылдын 5-марты.

Президент Садыр Жапаров 8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата куттуктоосунда аялдар бардык тармактарда эмгектенип, алар реформа жасоого дилгир деп белгиледи. Жапаровдун куттуктоосун президенттин басма сөз кызматы таратты.

Президент аялдардын мамлекетти башкаруудагы ролун арттырууга аракеттер жасалып жатат деди.

“Жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга 30 пайыз квота берилет, демек, алар жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесстерге да таасир этүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”, - деди президент.

Жапаров пандемияда аялдардын түйшүгү көбөйгөнүнө токтолуп, дарыгер, медайым, ыктыярчы катары илдет менен күрөшүүдө алар алдыңкы катарда турганын белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта бул күн аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет. Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG