Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Бишкекте бүгүн «Аялдардын тилектештик маршы» өтөт


"Аялдардын тилектештик маршына" чыккан активистти милиция кармап кеткен учур. Бишкек шаары. 2020-жылдын 8-марты.
"Аялдардын тилектештик маршына" чыккан активистти милиция кармап кеткен учур. Бишкек шаары. 2020-жылдын 8-марты.

Бишкекте бүгүн «Аялдардын тилектештик маршы» өтөт. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылат. Жүрүш саат 13:00дө Ак үйдүн алдынан башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталат.


Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатат.
Өткөн жылы, 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

Милиция кийинчерээк аялдар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын айткан. Свердлов райондук милициясы маршка чыккан 6 кыз-келинге үч миң сомдон айып төлөтүү тууралуу токтом чыгарган.

6 активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан.
11-ноябрда Жогорку сот Бишкектин шаардык сотунун жана Свердлов райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов милициясынын митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтоткон.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон.

Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG