Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Ошто ар ишемби азык-түлүк жармаңкеси өтмөй болду


Ош шаарында апрелге чейин ар ишемби күнү азык-түлүк жармаңкеси өткөрүлмөй болду. Анын мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын каржы, инвестиция жана экономика бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов билдирди.

6-мартта борбордук аянтта жармаңке уюштурулуп, ага калаадагы эт комбинаттары, ун заводу жана кайра иштетүүчү бир нече ишканалар азыктарын коюшту.

Жармаңкеге дыйкандар жана жеке ишкерлер жер-жемиш, мөмө-жемиш, эт продукцияларын алып чыгып, базар наркынан арзандатылган баада сатышты.

Талант Кайымовдун айтымында, жармаңкеде өзгөчө суроо-талап эт менен жер-жемиштерге болду.

Бааларды Монополияга каршы күрөшүү кызматы аныктаган: эт - 420 сом, картошка - 15-25, сабиз, шалгам - 15-22 сом.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын шартында азык-түлүктүн баасы улам өсүп жатат. (MrA)

XS
SM
MD
LG