Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

АКШ: Коронавируска каршы көмөк пакети Сенатта араңдан зорго жактырылды


АКШ Конгрессинин имаратынын сыртында тез жардам унаасы турат. 2021-жылдын 5-марты.
АКШ Конгрессинин имаратынын сыртында тез жардам унаасы турат. 2021-жылдын 5-марты.


АКШнын Сенаты 1,9 триллион долларлык коронавируска каршы көмөк тууралуу мыйзам долбоорун араңдан зорго жактырып, Конгресстин макулдугуна жана президент Жо Байдендин кол коюусуна жол ачты.

6-мартта түштөн кийин киргизилген соңку өзгөртүүлөрдөн кийин, Сенат АКШнын жалпы экономикасынын ондон бир бөлүгүн түзгөн эбегейсиз зор көлөмдөгү жардам пакетин кабыл алды.

Бул иш-чара 50-49 добуш катышы менен кабыл алынып, мыйзам долбооруна демократтар макул, республикачылар каршы чыгышты.

Сенаттагы добуш берүүдөн кийин АКШ президенти Байден Ак Үйдө журналисттерге: "Элибиз өтө узак убакыттан бери өтө көп азап чегип келди, – деп кайрылды. – Бул пакеттеги бардык нерсе азап-кайгыдан арылтууга жана улуттун эң кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандырууга багытталган жана бизди бул көйгөйлөрдү жеңип чыгуу үчүн артыкчылыктуу турумга чыгарат".


Бул мыйзам долбооруна ылайык, АКШ жарандарынын көпчүлүгү 1400 долларга чейин түздөн-түз төлөмдөрдү ала алышат. Ошол эле учурда шашылыш жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар төлөмүнүн мөөнөтү узартылат.
Мыйзам долбооруна мектептер, ооруканалар, жабыр тарткан өнөр жай тармактары, ошондой эле COVID-19 вакциналары жана тестирлөө үчүн чыгымдар дагы кирет.

Эми бул пакет Конгресстин Өкүлдөр үйүнө кайра жөнөтүлөт, ал жерде демократтар республикачылардан 10 добушка көбүрөөк ээ. Өкүлдөр үйү жактырган соң, мыйзам долбоору биротоло мыйзам катары киргизилүү үчүн Байденге кол коюуга жиберилет. (TT)

XS
SM
MD
LG