Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Рим папасы Ирактын ИМдин жоочуларынан бошотулган аймактарын кезди


Рим папасы Франциск сириялык католиктерге таандык «ат-Тахира ал-кубра» ("Аруу Жобо") чиркөөсүндө сыйынды. Каракош шаары, Ниневия вилайети. 2021-жылдын 7-марты.
Рим папасы Франциск сириялык католиктерге таандык «ат-Тахира ал-кубра» ("Аруу Жобо") чиркөөсүндө сыйынды. Каракош шаары, Ниневия вилайети. 2021-жылдын 7-марты.


Рим папасы Франциск түндүктөгү Мосул шаарындагы көп кылымдык тарыхы бар чиркөөнүн алдында Ирактын согуш курмандыктары үчүн сыйынды. Бул шаарда өзүн «Ислам мамлекети» (ИМ) деп атап алган террорчу уюмдун жоочулары үч жыл мурда өздөрүнүн «ыйык согушчу» тобу талкаланганга чейин дүйнөдөгү эң эски христиан жамааттарынын бирине залимдик кылган.

Христиан динине табынган ирактыктар 7-мартта Ниневия вилайетинин ИМ тарабынан жок кылынган кеминде 14 чиркөөсүнүн эң эскилеринин бири болгон «ат-Тахира ал-кубра» ("Аруу Жобо") чиркөөсүнүн короосуна чогулушту. Каракош шаарындагы бул чиркөө Мосул шаарынан 30 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

84 жаштагы Рим папасы Ирактагы жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы христиандардан өз тарыхый атажурттарында кала берүүсүн өтүндү. Ал христиандардын "азаптуу" деп өзү айткан жаңы Үркүнү "буга кызыкдар адамдарга жана тиешелүү жамааттарга гана эмес, өздөрү таштап кете турган жалпы коомго да эсепсиз зыян келтирет", – деп баса айтты.

Ватикан үчүн христиандардын Иракта жашап кала бериши – тээ көөнө доордо Иса Машаяктын доорунан бери бул аймакта ырааттуу байырлап келген диндеш жамааттарды сактап калуу үчүн өзөккү мааниге ээ.

Мосулду 2014-2017-жылдар аралыгында убактылуу ээлеп турган ИМдин жоочуларынын ырайымсыз террорчул ишмердигинен улам Ирактын түндүгүндөгү жүз миңдеген христиандар башка жактарга качууга аргасыз болушкан.

Рим папасы Францисктин учагы анын Иракка болгон тарыхый, төрт күндүк иш сапарынын акыркы күнү, 7-мартта эртең менен Күрдистандын аймактык борбору – Ирбил шаарындагы аба майданына конду.

Ал аймактык президент Нечирван Барзани жана анын жакын тууганы, премьер-министр Масрур Барзани менен кыскача жолугушуу өткөрдү.

Андан соң Рим папасы Каракош жергесиндеги ИМ тарабынан жарым-жартылай талкаланган Ирактын эң ири чиркөөсүнө барды.

Тасма. Франко Харири стадионундагы сыйынуу. 2021-жылдын 7-марты.

Жекшембиде түштөн кийин ал Ирбилдеги Франко Харири атындагы стадиондо миңдеген калайык менен жолугушту жана диний жөрөлгө өткөрдү.

Бул - Рим папасынын сапарынын акыркы иш-чарасы болуп саналат. Бул стадионго 10 миңге жакын киши келээри алдын-ала жоромол кылынган.

Ал эми ишембиде Рим папасы ирактык шийилердин жолбашчысы, айатолла Али ас-Систани менен 50 мүнөттөй баарлашкан. Андан соң, 6-мартта, Рим папасы байыркы Ур шаарына зыярат кылды. Диний уламыштарга караганда, бул шаарда иудаизм, христиан жана ислам диндери үчүн пайгамбар саналган Ибрайим (Авраам) туулган делет.

Маалыматтарга караганда, азыркы тапта Иракта болгону 250 миңге жакын гана христиандар байырлап келет. (TT)

XS
SM
MD
LG