Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Өзбекстандык студент митингде кармалганы үчүн Орусиядан чыгарылат


А.Навальныйдын бошотулушун талап кылган митинг. Санкт-Петербург. 2021-жылдын 23-январы.
А.Навальныйдын бошотулушун талап кылган митинг. Санкт-Петербург. 2021-жылдын 23-январы.

Сот Навальныйдын бошотулуусун талап кылып, 23-январда өткөн митингде кармалган өзбекстандык студент Андей Лагунинди Орусиядан чыгаруу чечимин кабыл алды. Казандагы медициналык университеттин студенти, Өзбекстандын жараны Андрей Лагунин митингге катышпаганын, полиция катышуучуларды кармай баштаганда көчөдөн өтүп баратып, туш болуп калганын айтып, бирок сотту ишендире алган эмес.

Лагунинге сот 10 миң рубль айып пул салды. Студентти полиция бөлүмүнө чакырып, Орусиядан 3 күн ичинде чыгып кетүүсүн талап кылып, кайра кире албасын түшүндүрүшкөн.

Январь-февраль айларында Навальныйды бошотуу талабы менен өткөн ири демонстрацияларда полиция катышуучуларга зомбулук көрсөтүп, миңдеген адамдар кармалган. Жыйынтыгында оппозициячыл саясатчынын эң жакын үзөңгүлөштөрүнө иш козголуп, айрымдары камакка алынган. Алардын ичинде Алексей Навальный жубайы Юлия да эки-үч жолу кармалып, кайра бошотулган.

XS
SM
MD
LG