Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Швейцария: Референдум паранжага каршылар көптүгүн көрсөттү


Швейцарияда референдумдун үгүт өнөктүгүндөгү баннер.
Швейцарияда референдумдун үгүт өнөктүгүндөгү баннер.

Швейцария конфедерациясынын 26 кантонунда референдумдан кийинки жыйынтыкка ылайык никабга "жок" деген добуш басымдуулук кылганы кабарланууда. SFR телекорпорациясынын жана Tagesanzeiger басылмасынын алдын ала маалыматына караганда добуш бергендердин 51% көбүрөөгү көчөдө чүмкөнүп, бетин жаап жүргөн адамдарды көргүсү келбесин билдиришкен.

7-мартта Швейцарияда коомдук жайларда бетти толук жаап жүрүүгө тыюу салуу маселеси боюнча референдум өттү.

Эми референдумдун жыйынтыгы күчүнө кирсе нааразылык акцияларында да бетти толук жабууга тыюу салынат. Бирок тыюу салууну көздөгөн демилгечилер негизги маселе - өтө консервативдик көз караштагы мусулман аялдар кийе турган никаб же паранжага байланыштуу экенин айтып келишти.

Эгер жарандар тыюу салууну колдоп беришсе, эркектер аялдарды никаб кийүүгө мажбурлай алышпайт.

Сыйынуучу жайларда, саламаттык менен байланыштуу учурларда жана салттуу карнавалдарда бетти жапса болот.

Швейцария өкмөтү мындай чара туристтердин санын азайтышы мүмкүн экенин айтып, ага каршы пикир билдирген. Мындан тышкары сынчылар паранжага чектөө коюу - диний эркиндикке каршы келээрин билдиришүүдө.

Швейцарияда элдин 5,4% мусулмандар түзөт.

XS
SM
MD
LG